Шайлоого мониторинг жүргүзүү

Мониторинг КРдин ЕККУнун алдындагы шайлоону таза жана ачык өткөрүү боюнча милдеттенмесин ишке ашыруу үчүн жүргүзүлүп жатат.  Ал милдеттенмелердин бири – өлкөнүн ичинде көз карандысыз байкоо жүргүзүүгө шарт түзүп берүүнү камсыздоо. 
Шайлоого мониторинг жүргүзүү – шайлоо процессине байкоо жүргүзүү, анализ кылуу жана аны өткөрүү туурасында сунуш айтуу максатында жасалат. Байкоо узак жана кыска мөөнөттөгү байкоочулар тарабынан жасалат. Аларды фонд Кыргызстандын жарандарынан даярдайт.

Мониторингдин максаты — шайлоонун өлкөнүн мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине туура келиши боюнча толук анализ жасап, маалыматтарды даярдап коомчулукка алып чыгуу. Башкача айтканда, биздин милдет шайлоого кандай даярдык көрүлүп жана кантип өткөрүлөөрүн, ден соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин, жалпы жарандардын укуктары кантип сакталып жатканы,  маалыматка жана шайлоо участокторуна болгон жеткиликтүүлүк боюнча абал кандай экендигин толук көрсөтүп берүү. 
 
«Жалпы иш» коомдук фондунун максаты – жарандардын шайлоо процесстеринин бардык этаптарынан кабардар  кылуу үчүн шайлоо жөнүндө маалыматты ачыгыраак кылуу. 
Парламенттин ишмердүүлүгүнө жана парламентаризмдин өнүгүшүнө байкоо салуу. 
Фонд Жогорку Кеңештин  ишмердүүлүгү боюнча мониторинг жүргүзүү ниетинде муну менен мыйзам чыгаруучу органдын ишмердүүлүгүнүн натыйжасын, кабыл алынган чечимдер менен анын ишке ашуусуна байкоо салмакчы. 
Бул ишти өз алдынча жана “Жалпы иш” коомдук фондунун максат-милдеттеринде жазылгандай башка коммерциялык эмес уюмдар менен өз ара кызматташып алып баруу пландалууда. 

КРдин Жогорку Кеңешинин натыйжалуулугун баалоо Кыргызстанга адаптацияланган  бирок таанылып калган эл аралык ыкмалардын негизинде жүргүзүлөт. Мында шайлоочулар,  демилге топтору, коомдук кеңештер аркылуу Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө жана кабыл алынган чечимдердин сапатына таасир тийгизе турган мүмкүнчүлүккө жетүү каралган.