Cоциологиялык изилдөөлөр

“Жалпы иш” коомдук фонду өз алдынча жана социалдык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө адистешкен уюмдар менен  өнөктөшүп, КР үчүн дайыма актуалдуу болгон темалардын тегерегинде коомдук пикирге сурамжылоо жүргүзүү ниетинде. Бул жарандарды түйшөлдүргөн, анын ичинде өлкөдөгү парламенттик демократиянын өнүгүшүнө байланышкан көйгөйлөрдү  таап чыгуу үчүн жасалат.

Биздин максат – бийлик органдары, коомдук институттар, коммерциялык эмес уюмдар менен өз ара кызматташканда колубузда сапаттуу маалыматтардын топтомунун болушу.

Фонд мамлекеттик институттарды изилдөөнүн практикалык жыйынтыктарын колдонуп активдүү иштөөгө ниеттенет. Саясий аренада көйгөйлөрдү чечүүнү айтып, өз ара кызматташып иштөөнү, эксперттер (изилдөөчүлөр) менен  саясатчылар ортосунда дискуссиялык аянтчаны түзүүнү көздөйт.