Журналисттик иликтөөлөр

09.03.2021
Журналисттик иликтөөлөр

"Жалпы иш" коомдук фонду 2021-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик тандоодо жана ушул жылдын 10-январында уюштурулган Кыргыз Республикасынын Президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүүнүн алкагында журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүүгө көмөк көргөзгөн. Өнөктөштөр тарабынан даярдалган басылмалар өлкөдөгү шайлоо процессине байланыштуу маанилүү маселелерге арналган.
Алардын ар биринде авторлор көйгөйлүү жана актуалдуу маселелерди, кээде ыңгайсыз нерселерди, ачыкка чыгарган. Мисалы, аз камсыз болгон жарандарга жардам көрсөтүү шылтоосу менен жашыруун паракорчулук көйгөйүн көтөрүп чыгышкан. Бул тууралуу "Новые лица" онлайн газетасы изилдеп чыкты. 
Дагы бир көрүнүктүү көйгөйлөрдүн бири болуп шайлоо фонддорунун калыптанышы болуп эсептелет. Бул жаатта фондду түзүү процессине эмес, фонддорго өз салымдарын кошкондор жөнүндө маалымат пайда болгондон тартып суроолор жаралды. Декларациялар боюнча анча бай эмес аткаминерлер жана жумушсуздар партиянын фондуна кокустан эле миллиондоп каражат которуп коюшкан болушат. Кимдер жана канча каражат которушкандыгы тууралуу "Экономист.kg" басылмасынын иликтөөсүнөн тааныша аласыздар. Мындан сырткары, "Биримдик" партиясы өткөн тандоодо кантип эң ири фонддордун бирин топтогонун жана мамлекет башчы Садыр Жапаровдун абактан чыккан учурдан тартып президенттик кызматка чейинки басып өткөн жолу тууралуу "Экономист.kg" сайты изилдеп чыккан. Кыргызстандагы президенттик ат салышууда эмне үчүн бийликтин талапкерлери артыкчылыкка ээ болоорун "Новые лица" онлайн газетасы дагы изилдеп көрүшкөн.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жардамы менен шайлоолор ачык-айкын өткөрүлүп, шайлоочулар толук маалымат алып атканына ишенебиз.

Жогорудагы материалдарды жана иликтөөлөрдү басып чыгаргадыгыңыз үчүн өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Журналисттик иликтөөлөр:

  1. Муну баардык партиялар кылат...
  2. Декларациялар боюнча бай эмес, чиновниктер жана жумушсуздар партияларга ондогон миллион сом түшүрдү. Алар кимдер? Тергөө
  3. “Биримдик” партиясы өткөн шайлоодо эң чоң шайлоо фонддорунан бирөөсүн кантип топтогон
  4. Кайра эле ошол аңга түшмөй
  5. Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп, анда кайрадан бийликтин адамы жеңишке жетти
  6. Садыр Жапаровдун Кыргызстандын президенттигине баскан жолу - кандай болгон
Тизмеге кайт