Добушуңузду сатпаңыз!

Шайлоо алдындагы үгүт иштери бүгүн башталды. Добуш үчүн күрөштө талапкерлер убада беришет. БШКнын ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык тобуна буга чейин шайлоочуларды сатып алуу фактылары боюнча бир нече арыз түшкөн. Мурунку шайлоолор көрсөткөндөй, добуштарды сатып алуу жана административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу барган сайын жашыруун формага айланып, добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этиши мүмкүн. «Жалпы иш» коомдук фонду шайлоо процессинин бардык тараптарын чынчылдыкка жана шайлоодогу мыйзам бузууларга сабырсыз мамиле жасоого чакырат. Бул маселеде биргелешкен аракеттер абдан маанилүү. Алданба! Аталышындагы видеону топторуңузда жана чаттарыңызда бөлүшүү аркылуу жайылтууга жардам бериңиз.

Тизмеге кайт