"Кыргызстан" саясий партиясын шайлоого кантип киргизген

"Жалпы иш" коомдук фонду «Жарандар шайлоого байланыштуу талаш-тартыштарга байкоо жүргүзүшөт» долбоорун ишке ашырууда. Бул долбоордун алкагында жарандарга 2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда жаралган шайлоо талаштары жөнүндө маалымат берүү жана алардын келип чыгуу себептерин, эмнеге таасир этишин түшүндүрүү пландаштырылган. Алгачкы маалымат видеотасмалар аркылуу октябрь айына пландалган. Бирок, коомдук-саясий кырдаал долбоордун жүрүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизди: парламенттик шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылып, учурда биздин өлкө 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик кезексиз шайлоого даярданып жатат. Буга карабастан, «Жалпы иш» коомдук фонду шайлоо талаш-тартыштары шайлоо процессинин өтө маанилүү бөлүгү деп эсептейт, анткени алар шайлоого жана жалпы эле шайланган бийлик институттарына болгон ишенимдин деңгээлине чоң таасир этет. Шайлоо процессинин ар бир катышуучусу шайлоо процессинин каалаган этабында каалаган чечимине даттанууга мүмкүнчүлүгү болушу керек. Мындай даттанууларды кароо тезинен жүргүзүлүшү керек. Чечимдер акыйкат, жүйөлүү болушу керек. Ошондуктан, биз КРнын ЖКнин депутаттарын шайлоо учурундагы жаралган талаш-тартыштарын караштырган видеотасмалардын сериясын даярдадык. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоо учурунда келип чыгышы мүмкүн болгон талаш-тартыштар жөнүндө маалымдоону улантабыз. Сиздерден келген суроолорду кабыл алып, түшүнүксүз болгон нерселерди тактоого даярбыз! Биринчи видеотасма "Кыргызстан" саясий партиясын шайлоого кантип киргизгендиги жөнүндө.

Тизмеге кайт