Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо олуттуу мыйзам бузуулар менен өтүп жатат. Маалымат саат 13:00гө карата

10.01.2021
Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо олуттуу мыйзам бузуулар менен өтүп жатат. Маалымат саат 13:00гө карата

Кыргызстан, 2021-жылы 10-январь. Пресс-релизди чыгаруу сааты: 16:00.

"Жалпы иш" коомдук фонду өлкө боюнча 500 шайлоо участогунда добуш берүү процессине байкоону улантууда. Мындан тышкары, 58 мобилдик топ 250 шайлоо  участокторунун айланасындагы кырдаалга көз салышты.

250 шайлоо участоктордун 242 шайлоо участогунда байкоочулар кырдаалды тынч деп баалашты, ал эми бир шайлоо участогунда курч кырдаал түзүлдү, жети участоктогу кырдаал тууралуу жооп алууга кыйын болду. 29 участокто санитардык чаралардын сакталышына байланыштуу шайлоочулардын кезектери байкалды. Үч жерде күчтүү денелүү белгисиз адамдар бар экендиги байкалды. Ошондой эле, мобилдик топтор добуш сатып алуу, шайлоо күнү үгүт жүргүзүүгө, байкоочулардын укуктарын чектөөгө байланыштуу мыйзам бузууларды каттап, төмөндөгү мыйзам бузуулар тизмесине киргизилген: шайлоо участокторунда добуш берүү процесси жалпысынан тынч жана көпчүлүк УШКлар мыйзамга ылайык иштешет. Добуш берүү процессинде саат 8:00дөн 13:00гө чейин 30 одоно мыйзам бузуу белгиленди:

Анын ичинде: (маалымат топтолуп берилүүдө)

4 факт УШКнын саат 07:00дөн кийин ачылгандыгын көрсөтөт:

  • УШК 4047 Нарын облусу, Нарын району
  • УШК 7334Жайыл району
  • УШК 4065 Нарын облусу, Нарын шаары
  • УШК 4026 Нарын облусу, Ат-Башын району

7 факт бюллетендерди кайра саноо жок болгондугун көрсөтүп турат:

  • УШК 3015 Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары
  • УШК 1104 Бишкек шаары, Октябрь району
  • УШК 1114 Бишкек шаары, Октябрь району
  • УШК 5439 Ош облусу, Алай району
  • УШК 5119 Ош облусу, Алай району
  • УШК 2447 Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району
  • УШК 4149 Нарын облусу, Кочкор району

7 факт УШКнын жыйыны болбогондугун көрсөтөт:

  • УШК 8019 Баткен облусу, Лейлек району
  • УШК 4016 Нарын облусу, Ат-Башы району
  • УШК 5119 Ош облусу , Алай району
  • УШК 5467 Ош облусу, Кара-Кулжа району
  • УШК 4149 Нарын облусу, Кочкор району
  • УШК 7401 Чүй облусу, Аламүдүн району
  • УШК 7171 Чүй облусу, Аламүдүн району

2 факт байкоочулардын укуктарын мыйзамсыз бузгандыгын көрсөтөт (жоюлган):

  • УШК 4116 Нарын облусу, Жумгал району
  • УШК 6051 Талас облусу, Бакай-Ата району

1 факт УШКнын ачылбагандыгын көрсөтөт:

  • УШК 4026 Нарын облусу, Ат-Башы району

1 факт УШКда ыйгарым укуктуу эмес адамдын бар экендигин көрсөтөт:

  • УШК 8019 Баткен облусу, Лейлек району

1 участокто добуш берүүнүн купуялуулугу бузулган:

  • УШК 3140 Ысык-Көл облусу, Каракол шаары

Байкоочуга карата коркутуу, кысым көрсөтүү коркунучу боюнча 1 факт:

  • УШК 5467 Ош облусу, Кара-Кулжа району

Добуш сатып алуу 1 фактысы:

  • УШК 2057 Жалал-Абад облусу, Сузак району

АСУнун бузулушунун 3 фактысы:

  • УШК 3252 Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району
  • УШК 7359 Чүй облусу, Жайыл району
  • УШК 1019 Бишкек шаары, Ленин району

Көчүрмө жабдуунун жоктугунун 1 фактысы:

  • УШК 3152 Ысык-Көл облусу, Каракол шаары

Ыкчам чара көрүү координациялык топко бир кайрылуу даярдалды, БШКга жети факт боюнча, башка фактылар боюнча УШКнын төрагаларына арыздар жөнөтүлгөн.

"Жалпы иш" фонду шайлоо процессинин бардык катышуучуларын мыйзам бузуулар жөнүндө ыкчам чара көрүү координациялык тобуна кабарлоого чакырат.

Шайлоо участокторунун 65%да 2021-жылдын 9-январында мобилдүү добуш берүүгө катталган шайлоочулар болгон.

Мыйзам бузуулар жөнүндө билдирүүлөрдү күбөлөр ыкчам чара көрүү координациялык тобуна (УККК) далилдерге негизделген бардык маалыматты бере алат:

Ишеним телефону: 1255 (акысыз)

Бишкек шаарындагы коомдук кабылдама - 0 (312) 66 02 40, 0 (312) 620141

Факс: 0312 62 08 23

Ош шаарындагы коомдук кабылдама: - 0 (3222) 55550

Уюлдук телефон: 0552 604179, 0772 604179

Почта: TSIK@gmail.com

WhatsApp: 0550 119 852

“Жалпы иш” коомдук фнду жогорудагы мыйзам бузуулар боюнча кайрылууларды жана даттанууларды тиешелүү органдарга жөнөтөт.

Добуш берүү процесси боюнча кийинки пресс-релиз саат 02:00дө жарыяланат. Тандалган маалымат жана инфографикалар YouTube каналы аркылуу онлайн-режимде берилип: https://bit.ly/3io9emG, социалдык тармактардагы баракчаларыбызда жайгаштырылат.

Саат 20:00дөн кийин “Жалпы иш” коомдук фондунун 58 байкоочусу бүткүл өлкө боюнча жайгашкан аймактык шайлоо комиссияларынын ишине байкоо жүргүзө башташат.

Шайлоо күнүнө мониторинг «Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан “Кыргызстанда 10-январда мөөнөтүнөн мурда өтүүчү Кыргыз Республикасынын президентин шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылат.

Бардык жаңылыктар