Кыргыз Республикасында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо күнү тынч аяктады, бирок олуттуу процедуралык бузуулар жана башка олуттуу көйгөйлөр менен коштолду.

11.01.2021
Кыргыз Республикасында мөөнөтүнөн мурда  президенттик шайлоо күнү тынч аяктады, бирок олуттуу процедуралык бузуулар жана башка олуттуу көйгөйлөр менен коштолду.

Бишкек, 11- январь 2021-ж. Пресс-релизди чыгаруу сааты: 02:00.

Добуш берүү процессине байкоо жүргүзүү үчүн өлкө боюнча 500 байкоочу тартылды. Фонд статистикалык негизде байкоо жүргүзүүдө, шайлоонун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүнүн алдыңкы методологиясын колдонот. Бул шайлоо күнүндөгү шайлоо процесстери жөнүндө бүтүндөй өлкө боюнча корутунду чыгарууга мүмкүндүк берет. Саат 20:00гө чейинки маалыматка карата 58 мобилдик топ 535 шайлоо участокторунда болушту.

Шайлоо күнү 26,9% шайлоо участокторунда узун кезектер, 44,9% шайлоо участокторунда маал-маалы менен кезектер байкалган, бул COVID-19га байланыштуу социалдык дистанцияны сактоо эрежелерине байланыштуу болушу мүмкүн.

“Жалпы иш” коомдук фондунун байкоочулары республиканын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоогошайлоочулардын катышуусу тууралуу, саат 20:00гө карата түшкөн алдын-ала маалыматка ылайык - 38,9% түздү деп билдиришти. 2017-жылдагы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы менен салыштырганда, бул 17,03%га төмөн. Шайлоого катышуунун болжолдуу көрсөткүчтөрү бүткүл өлкө боюнча абалды чагылдырат жана айырма катачылыгы +\- 0,98пайызды түзөт. 

Шайлоо күнү шайлоочуларды идентификациялоо жана автоматтык саноо урнасы (AСУ) менен байланыштуу олуттуу техникалык көйгөйлөр жаралды. Техникалык көйгөйлөр шайлоо участокторунун 29,1%да байкалды, шайлоо участогунун 10%да проблема идентификациялоочу шаймандарга байланыштуу болгон. Шайлоо участокторунун 4%да ал жабдыктар иштебей калгандыктан, алар стационардык урналарга алмаштырылган.

Шайлоо күнү көптөгөн шайлоо участокторунда шайлоочулардын тизмесине байланыштуу көйгөйлөр жаралды. Шайлоо участокторунун 12,2%да  6дан 10го чейинки шайлоочу өздүгүн тастыктаган тиешелүү документтери болгонуна карабастан, өздөрүнүн аты-жөнүн шайлоочулардын тизмесинен таба алган жок, ал эми  шайлоо участокторунун 15,6%да бул сан 10дон ашык адамды түздү.

Добуш берүү учурунда участоктук шайлоо комиссияларынын басымдуу көпчүлүгү COVID-19 процедураларына байланыштуу сунуштарды аткарышты. 69,7 пайызы аларды толук,  23,2 пайызы жарым-жартылай гана аткарышса, 2 пайызы аларды такыр аткарган жок.  

Шайлоо участокторунун көпчүлүгү убагында жабылган. Шайлоо участокторунун 2,2 пайызы саат 20:00гө чейин, 97,6 пайызы саат 20:00дө, 0% саат 20:00дөн кийин жабылды.

Саат 21:30го чейин түшкөн маалыматка ылайык, фонддун байкоочулары тарабынан 55 мыйзам бузуу фактысы келип түштү (топтолгон маалыматтар):

3 факт УШКнын саат 07:00дөн кийин ачылгандыгын көрсөтөт:

  • УШК 4047 Нарын облусу, Нарын району
  • УШК 7334 Жайыл району
  • УШК 4065 Нарын облусу, Нарын шаары

11 факт бюллетендерди кайра эсептөө жок болгондугун көрсөтөт:

  • УШК 3015 Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары;
  • УШК 1104 Бишкек, Октябрь району
  • УШК 1114 Бишкек, Октябрь району
  • УШК 5439 Ош облусу, Алай району
  • УШК 5119 Ош облусу, Алай району
  • УШК 2447 Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району
  • УШК 4149 Нарын облусу, Кочкор району
  • УШК 8198 Баткен облусу, Баткен шаары
  • УШК 1143 Бишкек шаары, Октябрь району
  • УШК 5480 Ош облусу, Алай району
  • 7279 УШК Чүй облусу, Москва району

10 факт УШКнын жыйыны болбогонун көрсөтөт:

  • УШК 8019 Баткен облусу, Лейлек району
  • УШК 4016 Нарын облусу, Ат-Башы району
  • УШК 5119 Ош облусу, Алай району
  • УШК 5467 Ош облусу, Кара-Кулжа району
  • УШК 4149 Нарын облусу, Кочкор району
  • УШК 7401 Чүй облусу, Аламүдүн району
  • УШК 7171 Чүй облусу, Аламүдүн району
  • УШК 8169 Баткен облусу, Кызыл-Кыя району
  • УШК 5129 Ош облусу, Алай району
  • УШК 2447 Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району

4 факт байкоочулардын укуктарынын мыйзамсыз бузулгандыгын көрсөтөт (жоюлган);

  • УШК 4116 Нарын облусу, Жумгал району
  • УШК 6051 Талас облусу, Бакай-Ата району
  • УШК 5144 Ош облусу, Алай району
  • УШК 5252 Ош облусу, Кара-Суу району

1 факт УШКнын ачылбагандыгын көрсөтөт:

  • УШК 4026 Нарын облусу, Ат-Башы району

2 факт УШКда ыйгарым укуктуу эмес адамдын бар экендигин көрсөтөт;

  • УШК 8019 Баткен облусу, Лейлек району
  • УШК8009 Баткен облусу, Лейлек району

Добуш берүүнүн купуялуулугун бузган 5 факт:

  • УШК 3140 Ысык-Көл облусу, Каракол шаары
  • УШК 3222 Ысык-Көл облусу, Тоң району
  • УШК 5184 Ош облусу, Кара-Суу району
  • УШК 5445 Ош облусу, Кара-Суу району
  • УШК 3222 Ысык-Көл облусу, Тоң району

Байкоочуга карата коркутуу\кысым\зомбулук 3 участокто:

  • УШК 5467 Ош облусу, Кара-Кулжа району
  • УШК 5905 Ош шаары
  • УШК 5144 Ош облусу, Алай району

Шайлоочулардын добушун сатып алуу: 4

  • УШК 2057 Жалал-Абад облусу, Сузак району
  • УШК 5236 Ош облусу, Кара-Суу району
  • УШК 5279  Ош облусу, Ош шаары
  • УШК 6113 Талас облусу, Талас шаары

АСУнун бузулушунун 4 фактысы:

  • УШК 3252 Ысык-Көл облусу
  • УШК7359 Чүй облусу, Жайыл району
  • УШК 1019 Бишкек шаары, Ленин району
  • УШК 7304 Чүй облусу, Москва району

Шайлоочуларды коркутуу\кысым\зомбулук 1 фактысы:

  • УШК 5139 Ош облусу, Алай району

Көчүрүүчү жабдуунун жоктугунун 1 фактысы:

  • УШК 3152 Ысык-Көл облусу, Каракол шаары

Башка шайлоочуга добуш берүүнүн 1 фактысы:

  • УШК 5233 Ош облусу, Кара-Суу району

Бош урналардын көрсөтүлбөгөндүгүнүн 1 фактысы (AСУ, стационардык үкөктөр):

  • УШК 5421 Ош облусу, Алай району

Электр энергиясынын өчүп калышы 1 фактысы:

  • УШК 8168 Баткен облусу, Кызыл-Кыя району

Шайлоо күнү үгүт жүргүзүү-1 факты:

  • УШК 5218 Ош облусу, Кара-Суу району

Кол менен эсептөө протоколунун көчүрмөсүн берүүдөн баш тартуунун 1 фактысы:

  • УШК 7284 Чүй облусу, Москва району

1 көчмө урна туура эмес мөөр менен бекитилген:

  • УШК 8065 Баткен облусу, Баткен шаары

Шайлоо күнү “Жалпы иш” коомдук фонду Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 6 жана АШКларга 11 арыз жиберген, алардын ичинен участоктук шайлоо комиссиясынын төрагасына тартиптик чаралар көрүлгөн.

Калган бардык фактылар боюнча арыздар УШКнын төрагаларына берилген.

20 оператору бар Бишкектеги чалып-билүү борбору байкоочулардан маалыматты кабыл алып, тактады. Ал эми 16 юрист мыйзам бузуулар боюнча маалыматтарды талдоо жана арыздарды тиешелүү органдарга берүү менен алектеништи.

«Жалпы иш» фонду участоктук шайлоо комиссияларынын жабылуу жол-жоболоруна байкоону улантууда. Ушуну менен бирге, 54 аймактык шайлоо комиссияларында шайлоодон кийин жыйынтыкты чыгарууга жана башка процедураларды аягына чейин чыгаруусуна байкоону түнү бою улантышат.

11-январда "Жалпы иш" коомдук фонду добуш берүү күнү боюнча алдын-ала билдирүүсү менен саат 13:00дө "Park Hotel" мейманканасында жалпыга маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн пресс-конференцияда чыгат.  

Пресс-конференция https://bit.ly/3io9emG дареги боюнча түз эфирде көрсөтүлөт.

Спикерлер:

Аида Суйундуева - "Жалпы иш" коомдук фондунун башкармалыгынын төрайымы

Таалай Асылбеков - "Жалпы иш" коомдук фондунун шайлоо боюнча кеңешчиси

Арсланбек Өмүрзаков - "Жалпы иш" коомдук фондунун узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүү боюнча эксперти

Раушан Садырбаева - “Жалпы иш” коомдук фондунун долбоорунун координатору

Шайлоо күнүнө мониторинг «Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан “Кыргызстанда 10-январда мөөнөтүнөн мурда өтүүчү Кыргыз Республикасынын президентин шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүү” долбоорунун алкагында ишке ашырылат.

Бардык жаңылыктар