"Жалпы иш" коомдук фонду 2021-жылдын 10-январында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна байкоо жүргүзүүнүн негизинде бир катар сунуштарды даярдады.

03.03.2021
"Жалпы иш" коомдук фонду 2021-жылдын 10-январында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна байкоо жүргүзүүнүн негизинде бир катар сунуштарды даярдады.

БИШКЕК, 03-март, 2021-ж. - "Жалпы иш" коомдук фонду 2021-жылдын 10-январында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна байкоо жүргүзүүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Өкмөтүнө жана Борбордук шайлоо комиссиясына бир катар сунуштарды даярдады. Алар шайлоо мыйзамдарын мындан ары да күчтөндүрүүгө, жарандардын шайлоо укуктарын толугу менен ишке ашырууга, шайлоо фонддорун каржылоосу ачык-айкын болушуна, укук бузулушуна каршы натыйжалуу иш-чараларды жүргүзүүгө жана шайлоо комиссияларынын дараметин жогорулатууга багытталган. Аталган сунуштар фонддун жыйыктыктоочу отчетунда көргөзүлдү. Бул отчетто 2020-жылдын 25-октябрынан 2021-жылдын 24-январына чейинки мезгил каралган жана шайлоого байкоо жүргүзүү процесси гана камтылган.

Шайлоо күнү "Жалпы иш" коомдук фонду тарабынан байкоо жүргүзүү үчүн 500 кыска мөөнөттүү байкоочу, 58 узак мөөнөттүү байкоочу, 58 мобилдик топ, 20 башкы кеңсенин кызматкерлери, 8 аймактык координатор жана 16 юрист тартылган. Аларга бүткүл өлкө боюнча добуш берүү, эсептөө жана жыйынтык чыгаруу процедураларын көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн.

Фонд статистикалык жактан негизделген байкоо ыкмасын колдонгон — бул ыкма шайлоо күнүнө карата конкреттүү шайлоо процесстери жөнүндө бүт өлкө үчүн репрезентативдүү тыянактарды чыгарууга мүмкүнчүлүк берген алдыңкы методология.

Көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн натыйжасында "Жалпы иш" коомдук фонду 41 сунуш иштеп чыккан, алардын бири - альтернативдик вариантты киргизбестен, шайлоо дарегин өзгөртүү жөнүндө жобону конституциялык Мыйзамдан алып салуу натыйжасында 300 миңден ашуун шайлоочу өздөрүнүн активдүү шайлоо укугун пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн дээрлик ажырап калганы. Буга байланыштуу, Фонд Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо дарегин өзгөртүү нормасын кайтарууну сунуштайт. Бирок, мындай зарылчылык шайлоочунун тастыктоочу документтерди берген шартта, бир региондун ичинде шайлоо дарегин өзгөртүү укугун чектөө киргизилгенде жана арыздарды кароо убактысын көбөйтүү мүмкүнчүлүгү каралган учурларды гана ишке киргизүүнү сунуш кылат.

Фонд ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына шайлоого катышууга арыз берүүдө шайлоо тоскоолдуктарынын санын кайра карап чыгууну сунуштайт. Ошондой эле, шайлоо күрөөсүн алып салууну, шайлоочулардын 30 миңден кем эмес кол тамгасын калтырууну жана президенттик шайлоого аял-талапкерлердин активдүү катышуусуна түрткү берүүчү атайын убактылуу иш-чараларды мыйзамга киргизүүнү сунуштайт. 

Жогорудагы отчетто Фонддун байкачуулары үгүт иштерин каржылоо жаатындагы кемчиликтерди жана бүдөмүктөрдү белгилей кетишти. Алар жүргүзгөн анализдин натыйжасында, калктын кирешелери жана чыгашалары боюнча жалпы декларациянын жоктугу талапкерлердин каржылоо процедурасын көзөмөлдөөнү татаалдаштырып салганын белгилей кетишти.  

Каржылоо багытында ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында, "Жалпы иш" коомдук фонду каржы булагын мыйзам тарабынан аныкталган суммадан ашып кетсе көрсөтүүнү сунуш кылат. Ошондой эле талапкерлердин жана жеке адамдардын шайлоо фондуна чегерген каражаттарынын чектөө өлчөмдөрүн кайра карап чыгууну сунуштайт. Мындан сырткары, Фонд талапкерлер үчүн кирешелер жана чыгашалар боюнча отчеттуулуктун деталдаштырылган формаларын карап чыгууну сунуш кылат. Ал эми БШК өз кезегинде, талапкерлердин бардык маалыматтары камтылган отчетторун расмий баракчага ачык жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыздаш керек.

Ошол эле учурда Фонд коомдук байкоочулардын укуктарын кеңейтүүнү, талапкерлердин дебаттарын альтернативдик телеканалдарда өткөрүү мүмкүнчүлүгүн мыйзам калаасында карап чыгууну, саясий партияларга шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылса шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүнү сунуш кылат.

Ушуну менен катар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө келип түшкөн арыздар менен даттануулар өз убагында жана мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдү сактоо менен каралып чыгышы үчүн укук коргоо органдарынын ишин күчөтүүнү сунуштайт. Тандоо учурунда көптөгөн мыйзам бузууларды алдын алыш үчүн Өкмөт БШК менен биргеликте калкты маалымдоо иш-аракеттерин мындан дагы жигердүү жүргүзүү зарылдыгын Фонд белгилей кетет.

Бардык жаңылыктар