Талапкерлердин шайлоо фонддорун түзүү ишмердүүлүгү, анын ичинде акча каражаттарынын жүргүзүү процедурасы шайлоочулардын ишенимин арттырыш үчүн ачык-айкын жүргүзүлүшү керек

10.03.2021
Талапкерлердин шайлоо фонддорун түзүү ишмердүүлүгү, анын ичинде акча каражаттарынын жүргүзүү процедурасы шайлоочулардын ишенимин арттырыш үчүн ачык-айкын жүргүзүлүшү керек

БИШКЕК, 10 марта 2021 г. - Талапкерлердин шайлоо фонддорун түзүү ишмердүүлүгү, анын ичинде акча каражаттарын жүргүзүү процедурасы шайлоочулардын ишенимин арттырыш үчүн ачык-айкын жүргүзүлүшү керек. Ушул жана башка сунуштар "Жалпы иш" коомдук фонду 2021-жылдын 10-январында өткөзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна байкоо жүргүзүүнүн негизинде даярдалган жыйынтыктоочу отчетунда көргөзүлдү.

"Талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүү ишмердүүлүгүн жана акча каражаттарынын сарпталышын талдоо жүргүзгөнүбүздө, фонддун эксперттери өлкөбүзгө шайлоо фонддорунун каржылоо жаатында дагы да айкындуулук керек экенин белгилеп, бул маселе мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен ишке аша турганын белгилеп өтүштү", - деди "Жалпы иш" коомдук фонд башкармалыгынын төрайымы Аида Суйундуева.

Атап айтканда, мыйзамда бекитилген айкындуулук жана ачыктык принцибин "Банктык сыр жөнүндө" мыйзамы жарым-жартылай жеткиликтүү болгон шайлоо комиссияларына гана эмес, талапкерлердин шайлоо фонддоруна дагы жайылтуусун "Жалпы иш" коомдук фонду сунуш кылат.

Мындан улам, банктын купуя сыры атайын шайлоо эсептерине жана салымдарга таркатылбагандыгын мыйзамдарда так белгилөө зарыл. Шайлоого сарпталган каражаттар мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сырдын предмети болушу мүмкүн эмес.

Бул ыкма атайын эсептердеги акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө ишенимдүү жана өз убагында маалыматтарды тоскоолдуксуз алууга өбөлгө түзөөрүн Фонд белгилей кетет. Бул сыяктуу маалыматтар менен БШК гана эмес, бардык талапкерлер, шайлоочулар дагы кабардар болуп турушу зарыл.

Ачык маалыматтарга таянсак, талапкерлердин шайлоодогу жалпы чыгымдары 96 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн. Айрым учурларда, кээ бир эсептер каржы отчетторунда көрсөтүлгөн эмес жана атайын банк эсептери аркылуу өткөрүлгөн эмес. Мындан улам, шайлоо фонддорун эсепке алуу жана отчет берүү тартибин өрчүндөтүүнү, финансылык отчеттуулуктун ачыктыгын жогорулатууну сунуштайт, ошондой эле банктарга шайлоо фонддорунан чегерүүлөрдүн, кайрымдуулук каражаттарынын жана төлөө максаттарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүүнү белгилемекчи. Мунун баары акыры шек саноону азайтат.

Талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоо жаатында талдоонун жыйынтыгы төмөнкүнү аныктады: талапкерлердин эсеп жүрүшүн байкоого алганда бир катар тоскоолдуктар калктын кирешелери жана чыгашалары жөнүндө жалпы декларациянын жоктугу себеп болгон.

Азыркы колдонулуп жаткан система талапкерлердин шайлоо фондуна салым кошкон адамдардын акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын издөөгө жол бербейт.

Жалпы декларацияны киргизүүдөн жана каражаттарынын келип чыгуу булактарын ачыкка чыгаруудан тышкары, бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн, "Жалпы иш" коомдук фонду талапкерлер үчүн кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчеттуулуктун толук формаларын жана аларды БШКнын веб-сайтында Word/Excel форматында жайгаштырууну сунуш кылат.

Бардык жаңылыктар