"Жалпы иш" коомдук фонду жергиликтүү кеңештерге шайлоону көз карандысыз байкоо жүргүзүүгө краудфандинг долбоорун баштады.

26.03.2021
"Жалпы иш" коомдук фонду жергиликтүү кеңештерге шайлоону көз карандысыз байкоо жүргүзүүгө краудфандинг долбоорун баштады.

Достор,
Биз сиздердин колдоонуздарга муктажбыз!
"Жалпы иш" коомдук фонду жергиликтүү кеңештерге шайлоону көз карандысыз байкоо жүргүзүүгө краудфандинг долбоорун баштады.
Азыркы учурда Ош, Бишкек шаарларында толук байкоо жүргүзүп жатабыз, мындан сырткары облустук маанидеги шаарларда чектелген байкоо жүргүзүүдөбүз. Добуш берүү күнү Токмок, Нарын, Талас, Каракол, Жалал-Абад, Баткен жана Каинды шаарларында байкоо иштерин күчөтүү үчүн кошумча колдоого муктажбыз. Бул үчүн 300 000 сомдон кем эмес каражатты 10 күндүн ичинде чогултушубуз керек.
Сиздердин жардамыңыздар менен биз активисттерди шайлоодогу эреже бузууларды каттап турууну, көзкарандысыз маалыматты чогултууну жана көзөмөлдөө ишин жүргүүзүнүү үйрөтөбүз.

Шайлоонун жүрүшү жөнүндө көз карандысыз маалыматты чогултуп, анализдеп жарыялайбыз.
Буга чейин биз менен иштешип келген миндеген байкоочуларга жана өлкөбүздүн кайдыгер эмес жарандарына кайрылабыз.

Бизге ар кандай колдоо жана каалаган каражат чон пайдасын тийгизет! Сиздин колдоонуздардан жана соцтармакта биздин маалымат менен бөлүшүүнүз биз үчүн чон мааниге ээ!
Мамлекетибиздин жарандары көз карандысыз маалыматка муктаж!
Жардам берүү үчүн реквизит:

  1. ЭЛСОМ электрондук капчык: Агенттин коду – 41604
  2. КОТОРУУ ҮЧҮН РЕКВИЗИТТЕР:
  • Алуучунун банкы: ЖАК "Кыргыз инвестициялык-насыя банкы" (KICB)
  • БИК: 128001
  • Алуучу: "Жалпы иш" коомдук фонду
  • Алуучунун эсеби: 1280016056070154
  • Багыттары: шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүгө ыктыярдуу которуу
Бардык жаңылыктар