Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо 10-апрелде жайдан тышкары добуш бергендер тууралуу алдын-ала маалымат, саат 18:00го карата

10.04.2021
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо 10-апрелде жайдан тышкары добуш бергендер тууралуу алдын-ала маалымат, саат 18:00го карата

Бишкек, 10 апрель 2021 ж. — шайлоонун 18:00го карата алдын-ала маалымат.  

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү жайдан тышкары добуш бергендер тууралуу маалымат.

Бүгүн, 10-апрель күнү, добуш берүү жайдан тышкары добуш берүү учурунда "Жалпы иш" коомдук фондунун байкоочулары тарабынан 29 мыйзам бузуу жөнүндө арыз даярдалып, тиешелүү органдарга жеткирилди. Алардын 13чу Бишкек шаары, ал эми 16сы Ош шаарында катталган.

Добуш берүү жайдан тышкары добуш берүү процедурасын көз карандысыз байкоо жүргүзүү алкагында "Жалпы иш" коомдук фонду тарабынан берилген арыздардын тизмеси:

Добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу фактылары

  • УШКлар # 1246, 1113, 1029, 5309, 5300, 5559, 5322

Шайлоо алдындагы "жымжырттык күнү" үгүт иштерин жүргүзүү фактылары

  • УШКлар # 1333, 1018, 1036, 1047, 5283, 5338, 5296, 5558, 5322, 5282

Шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар

  • УШКлар # 1130, 1028

Процедуралык бузуулар

  • УШКлар # 1216, 5551

Байкоочунун укуктарын бузуу фактылары

  • УШКлар # 5558, 5273

Шайлоочулардын тизмесин манипуляциялоо фактылары

  • УШКлар # 1309, 1317, 1312, 5309, 5551

УШК мүчөлөрү тарабынан саясий партиялардын ресурстарын колдонуу фактылары

  • УШКлар # 5905

Жогоруудагы мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтар текшерилип жана далилдер базасы топтолгондон кийин "Жалпы иш" коомдук фонду тийиштүү мамлекеттик органдарга даттанууларын жана кайрылууларын жөнөттү.

“Жалпы иш” коомдук фонду белгиленген шаарларда шайлоо күнүнө байкоо жүргүзүү үчүн 370 байкоочуларды окуудан өткөрүп, аймактарга жөнөткөн.

Байкоочулар бир күн бою мыйзам бузуулар жөнүндө маалымдап турушту. Алардан чогултулган фактыларды атайын юристтер командасы талдоо жүргүзүп, далилдер базасын топтоп турушту.

Мындан сырткары, Бишкекте орун алган атайын байланыш борбор байкоочулардын маалыматтарын каттап жана талдап турду.

Эртен, 11-апрель күнү, “Жалпы иш” коомдук фонду жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо көз карандысыз байкоо жүргүзүүсүн төмөндөгү шаарларда улантат: Бишкек, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Кайынды, Каракол, Нарын, Токмок жана Талас.

Бардык жаңылыктар