"Жалпы иш" коомдук фонду саясий партиялар тарабынан талапкерлердин тизмесин өзгөртүү көрүнүштөрү боюнча тынчсыздануусун билдирет.

16.04.2021
"Жалпы иш" коомдук фонду саясий партиялар тарабынан талапкерлердин тизмесин өзгөртүү көрүнүштөрү боюнча тынчсыздануусун билдирет.

Бишкек, 16-апрель 2021 ж. - "Жалпы иш" коомдук фонду добуш берүү күнүнөн кийинки кырдаалга тынчсыздануусун билдирет.

Фонд өлкөнүн 9 шаарында өткөрүп жаткан көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн маалыматына таянсак, шайлоо босогосунан өткөн кээ бир саясий партиялар талапкерлердин тизмесин өзгөртүү (айрымдарын тизмеден чыгарып салуу) көрүнүштөрү байкалып баштады.

Жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын саны жана курамы белгилүү бир партияны колдогон шайлоочулардын пайызын чагылдыраарын, Фонд белгилей кетмекчи. Саясий партияда мандаттарды бөлүштүрүүдө ички карама-каршылыктар болгондо, бул факт партиянын имиджине гана терс таасирин тийгизбестен, жарандардын мыйзамдуулукка жана шайлоо процесстериндеги калыстуулукка ишенимин төмөндөтөт.

Мындан улам Фонд саясий партияларды ырааттуулукту жана мыйзамдуулукту сактоого үндөйт. Тактап айтканда, талапкерлерди белгиленген квоталарга ылайык тизмеде сакталып калуусун белгилей кетет.

Мындан тышкары, Фонд партияларды төмөнкү көрүнүштөрдөн жана ыкмалардан баш тартууга чакырат:

  • талапкерлердин тизмесин бурмалоо жана айрым талапкерлердин укуктарын бузуу
  • партиялар "паровоз" ыкмасын колдонбоо – башкача айтканда, шайлоо алдында тизменин башында катталган элге таанымал талапкердин аркасы менен жергиликтүү кеңешке депутат болуп белгисиз адамдар келип калган учурлар. Ал эми шайлоо бүткөндөн баштапкы талапкерлерди четтетип коюшат.

Мындан улам, "Жалпы иш" коомдук фонду БШКны буга чейин фонд тарабынан айтылган сунуштарын карап чыгууну белгилемекчи. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 33 Жарлыгы менен түзүлгөн шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин алкагында белгиленген квоталардын ченемдерине ылайык талапкерлердин партиялардагы катталган тизмеден чыгарып салууну тыюу салган ченемди мыйзамдуу түрдө белгилөөнү сунуштамакчы.

Таза жана акыйкат шайлоону Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына толук ылайык өткөрүү — кыргыз эли эгемендиктин ээси жана өлкөдө мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болгонун жана конституциялык ченемдердин ишке ашырылышынын кепилдиги даназалап кетмекчи.

Фонд жергиликтүү кеңештерге депутаттырды шайлоодо көз карандысыз байкоо жүргүзүүнү өлкөнүн тогуз шаарында улантып жатат: Бишкек, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Каракол, Кайынды, Нарын, Талас жана Токмок.

Бардык жаңылыктар