Жашообузду өзгөртө турган мыйзамдар

03.09.2021
Жашообузду өзгөртө турган мыйзамдар

Кыргыз парламентинин азыркы чакырылышы каникулдан кийин ишин улантты. Бирок буга чейин 2021-жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын жаңы шайлоо аралаш система боюнча өтөт.

«Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан активдүү талкууга алынган жана демократиялык институттардын өнүгүшүнө таасирин тийгизген учурдагы чакырылыш тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлорун чакыртып алуу чечимин кабыл алды. Алардын айрымдары буга чейин ЖК тарабынан кабыл алынган жана Президент тарабынан кол коюлган, кээ бирлери дагы эле талкууда:

  • “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” (мыйзамга президент кол койгон)
  • “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” (мыйзамга президент кол койгон)
  • “Бейөкмөт уюмдардын финансылык отчеттуулугу жөнүндө” (мыйзамга президент кол койгон)
  • “Министрлер Кабинети жөнүндө” (мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды)
  • “Саясий партиялар жөнүндө” (мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды)
  • “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” (мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

Төмөндөгү биздин интерактивдүү графигибизден, азыркы алты мыйзам долбоорлоруна иштеп жаткан депутаттарынан кимиси жана кандай добуш бергенин көрө аласыздар.

 

 

 

 

Бардык жаңылыктар