Жалпы иш" коомдук фондунун эксперттери шайлоо мыйзамдарындагы негизги өзгөртүүлөр боюнча эки сааттык онлайн семинар өткөрүштү.

06.10.2021
Жалпы иш" коомдук фондунун эксперттери шайлоо мыйзамдарындагы негизги өзгөртүүлөр боюнча эки сааттык онлайн семинар өткөрүштү.

"Жалпы иш" коомдук фондунун эксперттери - шайлоо боюнча кеңешчиси Таалайбек Асылбеков жана юрист Тариэл Аалиев бүгүн шайлоо мыйзамдарындагы негизги өзгөртүүлөр боюнча эки сааттык онлайн семинар өткөрүштү. Жолугушууга каалоочулар катыша алды. Бардыгы болуп тренингге 30дан ашуун адам катышты.

Таалайбек Асылбеков аралаш система, талапкерлерди көрсөтүү тартиби, мажоритардык системага ылайык бир мандаттуу округдарды түзүү системасы, ошондой эле шайлоодогу талаш-тартыштар, аларды кароо процесси, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелери тууралуу айтып берди.

Ал добуш берүү процессине - канча бюллетень болот, жарандардын эркин билдирүү тартиби жана добуштарды эсептөө тартиби жөнүндө кененирээк токтотулду.

Ошондой эле тренерлер катышуучулардын суроолоруна жооп беришти. 

Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.

Бардык жаңылыктар