Шайлоо-2021. Шайлоочулардын добуш сатып алуу деген эмне?

15.10.2021
Шайлоо-2021. Шайлоочулардын добуш сатып алуу деген эмне?

2021-жылдын 28-ноябрына пландаштырылган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун алдында "Жалпы иш" коомдук фондунун шайлоо укугу боюнча эксперти Бакытбек Самаков шайлоочуларды сатып алуу деген эмне экенин жана бул үчүн жоопкерчиликти мындайча түшүндүрөт:

Шайлоо мезгилинде шайлоочуларды сатып алууга тыюу салууга жана жоопкерчиликти орнотууга багытталган шайлоо мыйзамдарын арттыруу боюнча мамлекеттин жана БШКнын, укук коргоо органдарынын мыйзам бузуунун алдын алуу жана бөгөт коюу аракеттерине карабастан, шайлоочуларды сатып алуу республикада ар кандай деңгээлдеги шайлоолорду өткөрүүдө эң курч проблемалардын бири бойдон калууда.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууга тыюу салынат:

  • акча каражаттарды берүүгө;
  • белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга;
  • товарларды жеңилдетилген түрдө сатууга;
  • товарды бекер таркатууга;
  • кызматтарды акысыз же жеңилдетилген шарттарда көрсөтүүгө.

Басылма үгүт материалдары, төш белгилер, футболкалар, баш кийимдер, шарфтар, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын символдору, Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен тизмеге ылайык талапкердин сүрөтү бул тизмеге кирбейт.

Талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайы, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун жыйынтыктары жарыяланганга чейин кайрымдуулук менен алектенүүгө укуксуз.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде шайлоочуларды сатып алуу боюнча, эркиндигинен ажыратууга чейин, кылмыш жоопкерчилиги бекитилген.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде да шайлоочуга акча жана материалдык баалуулуктарды алгандыгы үчүн жоопкерчилик белгиленген.

Ошол эле учурда, эгерде шайлоочу каражаттын жана материалдык баалуулуктардын келип түшкөнү тууралуу өз ыктыяры менен билдирсе, ал жоопкерчиликтен бошотулат.

Шайлоочуларды сатып алуу шайлоочулардын социалдык абалы менен тыгыз байланышта деген туура эмес түшүнүк бар. Бирок сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, көпчүлүк учурда шайлоочулардын акча алышы убактылуу байуу каалоосу менен байланыштуу.

Добушуңузду сатпаңыз, бул өлкөбүздүн келечеги үчүн маанилүү

Бардык жаңылыктар