27-ноябрь. Кыргызстанда жайдан тышкары добуш берүү жүрүп жатат

27.11.2021
27-ноябрь. Кыргызстанда жайдан тышкары добуш берүү жүрүп жатат

Кыргызстанда эртең, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Бүгүн физикалык абалына байланыштуу шайлоо күнү шайлоо участогуна келе албаган жарандардын шайлоочу жайдан тышкары жерде добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Анын ичине шайлоо күнү ооруканаларда, шектүүлөр менен айыпталгандарды кармоочу жайларда жаткан шайлоочулар, ошондой эле алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда, алыскы жайыттарда. мал чарбачылык аймактарда убактылуу жашаган шайлоочулар кирет.

«Жалпы иш» КФ командасынын курамында 600 кыска мөөнөттүү жана 72 узак мөөнөттүү байкоочулар, 8 аймактык координаторлор, 46 КМБ координаторлору, 20 байланыш борборунун операторлору жана 46 мобилдик топтор бар. Фонд туш келди тандалып алынган 300 шайлоо участогуна байкоо жүргүзүп, шайлоо участокторун ачуу жана жабуу жол-жоболоруна, добуш берүүнүн жүрүшүнө, добуштарды саноо жана жыйынтык чыгарууга мониторинг жүргүзөт. Бүгүн 300 шайлоо участкасынын 179унда шайлоочу жайдан тышкары добуш берүү жүрүп жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө 13 миң 396 арыз берилди. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 12 миң 785 арыз берилди. 

Фонд статистикага негизделген байкоону, шайлоолорго мониторинг жүргүзүүнүн алдыңкы методологиясын колдонот. Бул шайлоо күнү пропорционалдык шайлоо системасы боюнча бүткүл өлкө үчүн өкүлчүлүктүү тыянак чыгарууга мүмкүндүк берет.

Эртең, 28-ноябрда фонд байкоо жүргүзүүнү улантат.

Бардык жаңылыктар