“Жалпы иш” КФнын байкоочулары саат 12:30га карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо 25 мыйзам бузуулар жөнүндө билдиришти.

28.11.2021
“Жалпы иш” КФнын байкоочулары саат 12:30га карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо 25 мыйзам бузуулар жөнүндө билдиришти.

БИШКЕК, 2021-жылдын 28-ноябры, “Жалпы иш” коомдук фонду Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн өлкө боюнча 600 кыска мөөнөттүү байкоочуларды жөнөттү. Алар тандалган 300 шайлоо участогунун ачылыш жана жабылуу жол-жоболоруна, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана добуштарды саноого мониторинг жүргүзүшөт.

Фонд статистикага негизделген байкоону - шайлоо күнүндөгү конкреттүү шайлоо процесстери жөнүндө бүткүл өлкө үчүн мүнөздүү болгон тыянактарды чыгарууга мүмкүндүк берген шайлоонун мониторингинин алдыңкы усулдарын колдонот. 

Дагы 46 мобилдүү топ шайлоо участокторунун айланасындагы кырдаалга байкоо жүргүзүүгө жөнөтүлдү. Бишкектеги колл-борбор байкоочулардан маалымат чогултууга жардам берет, ал эми юристтер тобу аныкталган мыйзам бузуулар жөнүндө маалыматтарды талдап, даттанууларды тиешелүү органдарга берүү боюнча иш алып барат. Ишти сегиз аймактык координатор жана башкы кеңсенин 20 кызматкери координациялоодо.

Ачылбаган шайлоо участокторунан тышкары, “Жалпы иш” КФнын бардык байкоочулары байкоо жүргүзүү үчүн шайлоо участогуна киргизилди. 

Көпчүлүк учурларда ачуу жол-жобосу мыйзамга ылайык жүргүзүлдү.

Көпчүлүк УШКлар шайлоо участоктору ачылганга чейин даярдык жыйындарын башташкан: саат 07:00гө чейин - 21,7%, 07:30га чейин - 46,7%, 07:30дан кийин - 31,7%.

Участоктук шайлоо комиссияларынын 78%ы ачылыш жол-жоболорунда COVID-19 боюнча сунуштарды толугу менен аткарышты, шайлоо участокторунун 20%ы жарым-жартылай жол-жоболорду аткарды, ал эми УШКлардын 2%ы сунуштарды такыр аткарышкан жок.

Шайлоо участокторунун 97,3%ында чүчүкулак кармоо мыйзамга ылайык өткөрүлдү.

Шайлоо бюллетендерди кайра саноо шайлоо участокторунун 96%ында жүргүзүлдү. Бош добуш берүү урналары тандалган шайлоо участокторунун 100%ында байкоочуларга көрсөтүлдү.

Шайлоо участоктору негизинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн жеткиликтүү болгон: 80%, ал эми 20%га таптакыр кирүү мүмкүн эмес болгон.

Көпчүлүк шайлоо участоктору саат 08:00дө – 74%, саат 08:00гө чейин – 25% иштеди. Саат 08:30дан кийин 0,7% участок ачылган, бир гана участок ачылган жок, бул 0,3%ды түздү.

Алынган шайлоо бюллетендери УШКнын төрагасы тарабынан визуалдык тааныштыруу үчүн келгендерге көрсөтүлдү – 99,3%.

Шайлоо участокторунун 1%ында ачылыш жол-жоболоруна байкоо жүргүзүүдө коомдук байкоочунун укугу бузулган.

УШКнын төрагаларынын 36,3% аялдар, 63,7% эркектер.

Саат 12:30га карата байкоочулар добуш берүү учурунда мыйзам бузуулар боюнча 25 белгини билдиришкен, анын ичинен 10у шайлоо бюллетендери кайра саналбаганын, 6 факт – УШКнын отуруму болгон эмес, анын ичинде чүчүкулак кармоо да болгон эмес, добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуу боюнча 2 факт, коомдук байкоочулардын укуктарын мыйзамсыз бузуу жана ага кысым көрсөтүү боюнча 1 факт, добуш берүү күнү үгүт иштерин жүргүзүү боюнча 4 факт, АБС иштен чыккандыгы боюнча 1 факт жана АБС мөөр басылбаган 1 факт. 

Аймактар ​​боюнча бөлгөндө кырдаал төмөнкүдөй:

Бюллетендер кайра саналбаган 10 факт:

Ысык-Көл облусу – 2:

  • 3174 УШК Ысык-Көл облусу Жети-Өгүз ОШК
  • 3048 УШК Ысык-Көл облусу Ысык-Көл ОШК
  • Ош облусу – 8
  • 5231 УШК Ош облусу Төлөйкен ОШК
  • 5510 УШК Ош облусу Төлөйкен ОШК
  • 5043 УШК Ош облусу Куршаб ОШК
  • 5201 УШК Ош облусу Кара-Суу ОШК
  • 5161 УШК Ош облусу Алай ОШК
  • 5242 УШК Ош облусу Көк-Жар ОШК
  • 5227 УШК Ош облусу Алай ОШК
  • 5424 УШК Ош облусу Көк-Жар ОШК

УШКнын отуруму болбогондо 6 факт (анын ичинде чүчүкулак кармоо болгон жок):

Бишкек шаары - 2

  • 1223 УШК Бишкек шаары Биринчи май ОШК
  • 1346 УШК Бишкек шаары Свердлов ОШК

Ош облусу – 3

  • 5043 УШК Ош облусу Куршаб ОШК
  • 5140 УШК Ош облусу Алай ОШК
  • 5128 УШК Ош облусу Алай ОШК

 Чүй облусу – 1

  • 7101 УШК Чүй облусу Ысык-Ата ОШК

1 факт байкоочулардын укуктарын мыйзамсыз бузуу, байкоочуга кысым көрсөтүү:

  • 1223 УШК Бишкек шаары Биринчи май ОШК

 2 факт добуш берүүнүн сырын бузуу:

  • 7219 УШК Чүй облусу Сокулук ОШК
  • 3156 УШК Ысык-Көл облусу Ак-Суу ОШК

Шайлоо күнү үгүт иштери тууралуу 4 билдирүү:

  • 5115 УШК Ош облусу Өзгөн ОШК
  • 5125 УШК Ош облусу Өзгөн ОШК
  • 5254 УШК Ош облусу Төлөйкен ОШК
  • 5465 УШК Ош облусу Алай ОШК

1 факт AБСнын иштебей калышы:

  • 7234 УШК, Чүй облусу, Сокулук ОШК

1 факт AБС мөөр басылбаган:

  • 2124 УШК, Ош облусу Сузак ОШК

“Жалпы иш” КФ жогорудагы мыйзам бузууларга байланышкан апелляциялар жана даттануулар менен кайрылат.

Айрым билдирүүлөр социалдык тармактардагы баракчаларыбызга, YouTube  https://bit.ly/3io9emG каналы аркылуу онлайн шартында, ырааттама боюнча онлайн брифингдер өткөрүлөт.


Шайлоого мониторинг “Жалпы иш” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан “2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Бардык жаңылыктар