“Жалпы иш” коомдук фондунун, “Таза шайлоо Ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин, “Эгль” коомдук фондунун жана “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук бирикмесинин билдирүүсү

03.12.2021
“Жалпы иш” коомдук фондунун, “Таза шайлоо Ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин, “Эгль” коомдук фондунун жана “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук бирикмесинин билдирүүсү

Кыргыз Республикасындагы парламенттик шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүчү “Жалпы иш” КФ, “Таза шайлоо Ассоциациясы” ЮЖБ, “Эгль” КФ жана “Социалдык технологиялар агенттиги” КБ “Ата Мекен” саясий партиясынан талапкер Текебаев Өмүрбек Чиркешовичке кол салууну айыпташат жана бул тууралуу тынчсыздануусун билдиришет.

Мындай окуялар сөз эркиндигине жана шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын коопсуздугуна коркунуч жаратат.

Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө талапкерлерге кол салуу жол берилгис саясий зомбулук актысы болуп саналат жана эркин шайлоонун атмосферасына олуттуу доо кетирет, анын жүрүшүндө талапкерлер, саясий партиялардын лидерлери өз ой-пикирин, анын ичинде өзүнүн сын позициясын эркин билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышы керек. Эркин атаандаштыктын, сындын, пикирлердин айырмасын жана оппозиция бардык демократиялык мамлекет үчүн керектүү шарт болуп саналат.

Биз укук коргоо органдарын республиканын бардык аймактарында шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө бул окуя жана башка ушул сыяктуу зордук-зомбулук, опузалоо жана коркутуу фактылары боюнча ачык, айкын жана объективдүү иликтөө жүргүзүүгө чакырабыз. 

Бардык жаңылыктар