“Жалпы иш” КФ өлкөдөгү шайлоодон кийинки мезгилге байкоо жүргүзүүнү жана анын жыйынтыгын чыгаруу процессин аягына чыгарып жатат.

17.12.2021
“Жалпы иш” КФ өлкөдөгү шайлоодон кийинки мезгилге байкоо жүргүзүүнү жана анын жыйынтыгын чыгаруу процессин аягына чыгарып жатат.

БИШКЕК, 2021-жылдын 16-декабры. Кыргызстанда, 28-ноябрда парламенттик шайлоо болуп өттү. “Жалпы иш” коомдук фонду (мындан ары – Фонд) өлкөдөгү шайлоодон кийинки мезгилге байкоо жүргүзүүнү жана анын жыйынтыгын чыгаруу процессин аягына чыгарып жатат.

2021-жылдын 28-ноябрында саат 20:00дөн кийин добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын чыгарууга байланышкан кырдаал, ошондой эле айрым шайлоо участокторунда кол менен эсептөө процесстеринин үзгүлтүксүздүгү жана сапаты боюнча дооматтар бир катар саясий партиялардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин ЭИЭнин электрондук эсептөө системасына нааразычыгын жана ишенбөөчүлүгүн жаратты.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 2021-жылдын 2-декабрында Борбордук шайлоо комиссиясы Жарандык көзөмөл комитети менен биргеликте парламенттик шайлоого катышкан саясий партиялардын өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында АЭУнун маалыматтарын жана добуштарды кол менен эсептөөнү көз карандысыз текшерүү үчүн топ түзүү жөнүндө чечими кабыл алынып, анын курамына саясий партиялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү, анын ичинде “Жалпы иш” КФсы кирди. Фонддун байкоочулары 12 шайлоо округунун 8инде добуштарды кайра саноого катышты.

БШКнын расмий сайтына 2021-жылдын 14-декабрында жайгаштырылган маалыматка ылайык топ тарабынан 2021-жылдын 10-декабрында башталган 12 шайлоо округундагы участоктордо добуштарды кайра эсептөө аягына чыгарылды. Топтун ишинин жыйынтыгы боюнча жалпысынан кол менен эсептөө менен АЭУнун ортосунда айырмачылык жок экендиги аныкталды.

Шайлоодон кийинки мезгилде 72 узак мөөнөттүү байкоочулар бардык округдук шайлоо комиссияларындагы даттанууларга жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу процессине байкоо жүргүзүштү.

Бардык округдук шайлоо комиссиялары байкоо жүргүзүү үчүн жеткиликтүү болуп, отурумдар жөнүндө маалымат көбүнчө телефон аркылуу берилген.

Байкоочулар бирдиктүү округ боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу жол-жобосу өтө татаал болгонун, айрым УШКлардын протоколдорунда каталар болгонун белгилешет. 15-декабрда саат 18:00гө карата Фонддун байкоочулары 36 округдук шайлоо комиссияларынын 26сында гана жыйынтык протоколдордун көчүрмөлөрүн алышкан.

Фонд участоктук шайлоо комиссияларынын корутунду протоколдорун автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) отчеттору менен, шайлоочуларды идентификациялоонун жыйынтыктоочу чектери жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында Фонддун байкоосу жүргүзүлгөн бардык 300 шайлоо участогу боюнча чагылдырылган маалыматтар менен салыштырып текшерүү жүргүздү. Фонддун байкоочуларына кол менен эсептөө протоколдорунун көчүрмөлөрү берилбеген шайлоо участокторунда алар материалдарды сүрөткө тартууга мажбур болушкан.

12 УШКда салыштырып текшерүүнүн жыйынтыгында идентификацияланган шайлоочулардын саны менен автоматтык эсептөөчү урналардан алынган бюллетендердин санынын ортосундагы айырмачылыктар жана башка айырмачылыктар аныкталды. 52 УШКнын протоколдорунда добуш берүүнүн жыйынтыгына таасирин тийгизбеген айрым каталар бар же толук толтурулбай калган.

Фонддун 12 УШК боюнча билдирүүсү КР БШКсына кароо жана КР мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү үчүн берилген.

Фонддун билдирүүсүн кароонун жыйынтыгы боюнча БШК төмөнкүдөй чечимди кабыл алды:

  • 1123 жана 1346 УШКлардагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылсын;
  • 2244 УШК боюнча Фонддун билдирүүсүндө аталган фактыларды аныктоо үчүн кызматтык иликтөө жүргүзүлсүн;
  • 7219 УШК боюнча Фонддун билдирүүсүнө негиз болгон ката кетирген УШКнын мүчөсү курамынан чыгарылсын.

ОШКнын корутунду протоколдору өз убагында берилбегендиктен ОШКнын жана УШКнын протоколдорун расмий жыйынтыктар жарыяланганга чейин салыштырып текшерүүгө Фонддун мүмкүнчүлүгү болгон эмес.

Жалпысынан, байкоочулардын пикири боюнча өлкөдө коомдук-саясий кырдаал туруктуу. Шайлоого байланыштуу чыңалуу байкалган жок. Айрым округдарда добуш берүүнүн жыйынтыктарына, көбүнчө, бир мандаттуу округдар боюнча айрым талапкерлердин жеңишине жарандардын нааразычылыгы болгон учурлар бар. Мисалы, Талас облусунун Кара-Буура районунда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор талапкерлердин биринин жеңишине каршы митингге чыгышты. Кээ бир учурларда VI чакырылыштагы ошол эле депутаттар Жогорку Кеңешке кайрадан барып жатканына жарандар нааразычылыктарын билдиришүүдө. Эки округда үгүтчүлөрдүн шайлоо мезгилинде эмгек акы төлөнбөгөндүктөн нааразылыгы байкалды.

Мындан тышкары, бир мандаттуу эки округда жарандар бардык талапкерлерге каршы добушун бергенине көңүл буруу зарыл. Алсак, Бишкек шаарынын Биринчи май округунда “баарына каршы” позициясы шайлоочулардын добушунун 32,97% болгон, ал эми Свердлов округунда шайлоочулардын 37,87% “баарына каршы” добушун берген. Бул округдарда шайлоонун акыркы жыйынтыгы чыгарылгандан кийин кайра шайлоо өткөрүлөт.

Бул шайлоо өнөктүгүнө байкоо жүргүзүүнүн бардык мезгилинде Фонд тарабынан 283 мыйзам бузуу аныкталган. Анын ичинен 5 даттануу ЫЧКТга, 14 даттануу БШКнын жумушчу тобуна, 99у ОШКга, 22си УШКга жана 4ү укук коргоо органдарына берилген.

Даттанууларды кароонун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынган:

  1. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу - 2 (1123 жана 1346 УШКлар);
  2. УШКнын мүчөлөрүнө катуу сөгүш түрүндөгү тартиптик жаза чарасы берилген – 1 (7341 УШК);
  3. УШКнын мүчөлөрүнө эскертүү түрүндө тартиптик жаза чарасы берилген – 28 (8187, 4031, 4058, 4108, 4116, 5017, 5043, 5052, 5111, 5115, 5140, 5186, 5191, 5201, 5206, 5215, 5247, 5254, 5299, 5304, 5325, 5434, 5438, 5453, 5456, 5465, 5498, 5510 УШКлар)
  4. Кызматтык иликтөө жүргүзүү - 1 (2244 УШК)
  5. УШКнын мүчөсү кызмат ордунан бошотулган – 1 (7219 УШК)
  6. ОШКлар тарабынан саясий партияларга оозеки эскертүүлөр берилген – 24.
  7. ОШКлар тарабынан бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлерге оозеки эскертүүлөр берилген – 23.
  8. Үгүт материалына зыян келтиргендиги үчүн айып салынган - 1.

Фонд депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгын өзүнүн жыйынтык отчётунда чагылдырат.

Бардык жаңылыктар