Байкоочу болууга чакырабыз!

09.02.2022
Байкоочу болууга чакырабыз!

“Жалпы иш” коомдук фонду №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого көзөмөлдөө үчүн ыктыярчыларды кабыл алууну жарыялайт.

Эгерде сен 18 жаштан улуу болсоң, Бишкек же Чүй облусунда жашасаң, жаны билим алууга даяр болсоң, смартфонуң болсо жана фото/видео тартууну билсең, анда биз сени күтөбүз!

Мониторингге катышуунун мүмкүнчүлүктөрү эмнеде?

Бүтүндөй шайлоо процессин ичинен түшүнүп, көрө аласың, жаңы тажрыйбага ээ болосуң, таза жана ачык шайлоого салым кошо аласың. Мындан тышкары добуштарды параллелдүү эсептөөгө жардам бересиң.

Биз шайлоо күндөрү жол кире жана тамак-ашына кеткен чыгымдарды төлөп беребиз.

Байланыш маалыматтары: office@commoncause.kg

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 19-февраль, 2022-ж.

Ыктыярчы болуу үчүн төмөнкү шилтеме боюнча кыска анкета толтуруу керек: https://forms.gle/TMJJQnbaGCatiTUB9

Бул бир нече мүнөт гана талап кылат.

Бардык жаңылыктар