Кайра шайлоо. Добуш берүүгө ким барат?

Эки жумадан кийин, 27-февралда Бишкектин эки бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтөт.

Жалпысынан 120 УШК ачылган. 5-февралга карата расмий маалымат боюнча, Биринчи май жана Свердлов райондорунда 215 миң 599 шайлоочу болсо, алардын жарымынан көбү аялдар.

Жаш курагы боюнча 30-39 жана 18-29 жаштагылар шайлоочулардын басымдуу бөлүгүн түзөт.

УШКларда шайлоочулардын биротоло тизмелери 22-февралга чейин илинет. Шайлоочулардын арыздары (шайлоочу жөнүндө ката же так эместик аныкталган учурда) 16-февралга чейин кабыл алынат.

“Жалпы иш” фонду кайра шайлоого көзкарандысыз байкоо жүргүзүүнү улантууда.