Басылмалар

Садыр Жапаровдун Кыргызстандын президенттигине баскан жолу - кандай болгон
аналитика
Садыр Жапаровдун Кыргызстандын президенттигине баскан жолу - кандай болгон
Кыргызстандагы 2020-жылдагы октябрь окуяларынан бери төрт айга жакын убакыт өттү, ал эми өлкөдө жаңы президент иштеп жатат. Үч ай ичинде - 5-октябрдагы саясий туруксуздуктан 10-январдагы шайлоо күнүнө чейин - өлкөдө талаштуу окуялар болуп өттү, алар дагы эле коомчулуктун суроолорун жаратып, юридикалык аспектине ээ. Буга байланыштуу биз эч кандай түшүндүрмөсү жок калган бир катар эки ача фактыларды топтоп, аларды хронологиялык тартипте келтирдик. Бул окуялар мамлекеттин жаңы башчысы катары Садыр Жапаровдун инсандыгы менен байланышкан. 09.03.2021
Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп, анда кайрадан бийликтин адамы жеңишке жетти
аналитика
Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп, анда кайрадан бийликтин адамы жеңишке жетти
2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо болуп өттү. Анда 51 жаштагы Садыр Жапаров жеңишке жетти, ал бир нече ай мурун адамды барымтага алгандыгы үчүн 11 жылга эркинен ажыратылган. Эксперттер жана саясий серепчилер Садыр Жапаровду Гиннес рекорддор китебине абактан мамлекет башчылыкка чейинки жолду эң тез басып өткөн саясатчы катары киргизсе болот деп тамашалашат. Анын феномени кандай? Эмне үчүн Кыргызстандагы шайлоодо бийликтен чыккан талапкерлер ар дайым жеңишке жетет. Келгиле, аны түшүнүүгө аракет кылалы. 09.03.2021
Кайра эле ошол аңга түшмөй
аналитика
Кайра эле ошол аңга түшмөй
Кыргызстандыктар адилетсиз шайлоонун айынан үчүнчү жолу бийликти кулатышты. Кыргызстандагы шайлоолорду такай коштоп жүргөн добуштарды сатып алуу менен административдик басым бул жолкусунда дагы чечүүчү ролду ойношту. Бул саясий элита менен бийликтик топтор үчүн сабак болобу деген чоң суроо жаралат. 09.03.2021
“Биримдик” партиясы өткөн шайлоодо эң чоң шайлоо фонддорунан бирөөсүн кантип топтогон
аналитика
“Биримдик” партиясы өткөн шайлоодо эң чоң шайлоо фонддорунан бирөөсүн кантип топтогон
Өткөн парламенттик шайлоодо “Биримдик” партиясынын шайлоо фонду 97,5 млн. сомду түзүп, чоңдугу боюнча үчүнчү орунду ээлеген. Бул сумманын ичинен 32,6 млн. сому жарандардын ыктыярдуу кайрымдуулук жардамы болгон. Башкача айтканда, карапайым адамдар партия шайлоо алдындагы үгүттү эсебинен жүргүзгөн сумманын дээрлик үчтөн бир бөлүгүн чогултушкан. 09.03.2021
Декларациялар боюнча бай эмес, чиновниктер жана жумушсуздар партияларга ондогон миллион сом түшүрдү. Алар кимдер? Тергөө
аналитика
Декларациялар боюнча бай эмес, чиновниктер жана жумушсуздар партияларга ондогон миллион сом түшүрдү. Алар кимдер? Тергөө
Көптөгөн жумушсуздар жана бай эмес адамдар, алардын декларацияларына ылайык, Жогорку Кеңешке шайлоого катышкан партиялар үчүн чиновниктер ондогон миллион сом бөлүп беришкен. Эң ири шайлоо фонддору бар беш партияда Экономист.kg каржылык басылмасы ири суммадагы акчаны ким так эсептегендиги жана мындай каражатты кайдан алгандыгы боюнча ачык маалыматтарды иликтөөгө алган. 09.03.2021
Муну баардык партиялар кылат...
аналитика
Муну баардык партиялар кылат...
COVID-19 пандемиясынан улам шайлоо алдындагы процессинин убактылуу токтотулушу шайлоочуларды сатып алуу деген илгертен эле келе жаткан көйгөйдү ачыктыды. Саясий партиялар массалык түрдө гуманитардык жардам таратууну баштап, аны менен көпчүлүк эксперттердин баамында Кыргыз Респуликасынын Конституциясынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин шайлоо жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин шайлоо жөнүндө» мыйзамын бузушкан. Аталган бузуулар дээрлик баардык шайлоолор учурунда орун алып, аны менен чынчыл, таза жана так элдик шайлоону өткөрүү идеясын жокко чыгарат. 2020-жылдын 12-апрелинде Кыргызстандын бир катар айыл аймактарында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтүшү керек эле. Бирок, 2020-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен өзгөчө кырдаал режими киргендигине байланыштуу «шайлоо процессинин этаптарын реализациялоо боюнча иш-чаралар» токтотулган. Кыргызстанда ӨК режими коронавирус пандемиясынан улам киргизилген. 09.03.2021
Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна көз карандысыз байкоо тууралуу финалдыу отчет
аналитика
Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна көз карандысыз байкоо тууралуу финалдыу отчет
"Жалпы иш" коомдук фонду 2021-жылдын 10-январында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна байкоо жүргүзүүнүн негизинде бир катар сунуштарды даярдады. 03.03.2021