Жаңылыктар

«Жалпы иш» коомдук фонду 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча протоколдорду салыштырып текшерүүнү баштады.
Салыштырып текшерүүнүн жүрүшүндө Фонддун байкоочулары алган шайлоочулардын добуштарын кол менен эсептөө протоколдору жана АЭУ отчеттору КР Борбордук шайлоо комиссиясынын тутумундагы маалыматтар менен салыштырылат. Фонддун 600 кыска мөөнөттүү байкоочусу өлкө боюнча кокустан тандалып алынган 300 шайлоо участкасында шайлоо процессине шайлоо күнү байкоо жүргүзүштү. Фонд статистикага негизделген байкоону - шайлоо күнүндөгү конкреттүү шайлоо процесстери жөнүндө бүткүл өлкө үчүн мүнөздүү болгон тыянактарды чыгарууга мүмкүндүк берген шайлоонун мониторингинин алдыңкы усулдарын колдонот. 30.11.2021
ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛООГО КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ БОЮНЧА “ЖАЛПЫ ИШ” КФнун АЛДЫН АЛА БИЛДИРҮҮСҮ
БИЛДИРҮҮ
ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛООГО КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ БОЮНЧА “ЖАЛПЫ ИШ” КФнун АЛДЫН АЛА БИЛДИРҮҮСҮ
«Жалпы иш» коомдук фонду шайлоону бурмалоого күнөлөө боюнча тынчсыздануусун билдирет жана бардык тиешелүү органдарды бардык келип чыккан окуяларды тыкыр иликтөөгө, ал эми шайлоого кызыкдар тараптарды далилдерди келтирүүгө жана күбө болгон мыйзам бузуулар боюнча расмий даттанууга чакырат. Фонд шайлоо процессинин бүтүндүгүн жана элдин эркин коргоо үчүн бардык мыйзам бузуулар мүмкүн болушунча тез арада текшерилерин күтөт. 29.11.2021
“Жалпы иш” КФнын байкоочуларынан саат 16:00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо 33 мыйзам бузуулар жөнүндө билдирүүлөр келип түштү.
Анын ичинде 10 бюллетендерди кайра саноо болгон эмес экендигин көрсөтөт, УШКнын отуруму болгон эместиги жөнүндө 7 билдирүү (анын ичинде чүчүкулак кармоо болгон эмес), добуш берүүнүн сырын бузуу жөнүндө 2 билдирүү, коомдук байкоочулардын укуктарын мыйзамсыз бузуу, байкоочуга карата кысым жөнүндө 1 билдирүү, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү жөнүндө 5 билдирүу, AЭУнүн бузулушу жөнүндө 1 билдирүү, AЭУга мөөр басылбагандыгы жөнүндө 1 билдирүү, шайлоочулардын тизмесинен четтөө жөнүндө 1 билдирүү, УШКда бөтөн адамдардын болушу жөнүндө 1 билдирүү, партиялардын тизмесин калибрлөөдө техникалык ката жөнүндө 1 билдирүү, башка шайлоочунун ордуна добуш берүү жөнүндө 1 билдирүү жана УШКнын төрагасы алынган бюллетендерди визуалдык тааныштыруу үчүн келгендерге көрсөткөн эместиги жөнүндө 2 билдирүү. 28.11.2021
2021-жылдын 27-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо жайдан тышкары добуш берүүнүн жүрүшүнө “Жалпы иш” КФнын байкоо жүргүзүүсүнүн жыйынтыгы
“Жалпы иш” коомдук фонду Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзөт. Кокустан тандалып алынган 300 шайлоо участогунда 600 кыска мөөнөттүү байкоочу шайлоо процессине мониторинг жүргүзүүдө. 27-ноябрдын алдында байкоо жүргүзүлүп жаткан 300 участоктун 179унда жайдан тышкары добуш берүү болду. 28.11.2021
“Жалпы иш” КФнын байкоочулары саат 12:30га карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо 25 мыйзам бузуулар жөнүндө билдиришти.
“Жалпы иш” коомдук фонду Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн өлкө боюнча 600 кыска мөөнөттүү байкоочуларды жөнөттү. Алар тандалган 300 шайлоо участогунун ачылыш жана жабылуу жол-жоболоруна, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана добуштарды саноого мониторинг жүргүзүшөт. Фонд статистикага негизделген байкоону - шайлоо күнүндөгү конкреттүү шайлоо процесстери жөнүндө бүткүл өлкө үчүн мүнөздүү болгон тыянактарды чыгарууга мүмкүндүк берген шайлоонун мониторингинин алдыңкы усулдарын колдонот. 28.11.2021
27-ноябрь. Кыргызстанда жайдан тышкары добуш берүү жүрүп жатат
«Жалпы иш» коомдук фонду Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо жайдан тышкаркы добуш берүүнүн жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарынын сакталышына көз карандысыз көзөмөл жүргүзөт. 27.11.2021
«Жалпы иш» КФ 28-ноябрына белгиленген Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө алдын ала отчетту даярдады.
Пресс-релиз
«Жалпы иш» КФ 28-ноябрына белгиленген Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө алдын ала отчетту даярдады.
Алдын ала отчет КР ЖКнин депутаттарын шайлоо белгиленген учурдан тартып, 2021-жылдын 29-августунан 18-ноябрына чейинки мезгилге тиешелүү жана талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо жол-жоболорун, талапкерлердин тизмесин, бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларын (БШК, ОШК, УШК) түзүү жана ишмердигин, шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн жана актуалдаштыруунун жол-жоболорун, маалымдоонун жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мезгилиин, ошондой эле тийиштүү инстанцияда шайлоо мыйзамдарын жана кайрылууларды (арыздарды жана даттанууларды) берүүнүн бузулууларын аныктоону камтыйт. 22.11.2021