Жаңылыктар

Журналисттер үчүн жарыя!
Урматтуу кесиптештер, 29-октябрында пресс-жыйында «Жалпы иш» коомдук фонду "Жаңы шайлоо системасынын тобокелдиктерин талдоонун жыйынтыктары" аттуу продуктту сунуштайт. Жолугушууда эксперттер жаңы шайлоо системасынын киргизилишине байланыштуу шайлоо процессинин ар кандай баскычтарында кандай тобокелдиктер пайда болушу мүмкүн экенин айтып беришет. 25.10.2021
«Жалпы иш» коомдук фондунун билдирүүсү
Эгер ушул этапта эле КРнын шайлоо мыйзамдарын бузууга өбөлгөлөр болуп жатса, коомдо келе жаткан шайлоого ишенбөөчүлүк пайда болушу мүмкүн. Шайлоо процессинин бардык катышуучулары 2020-жылы 4-октябрында болуп өткөн шайлоодон сабак алып, 2020-ж 5 жана 6-октябрында орун алган окуялардын кайталанбашына бардык аракеттерин жумшашы керек. 21.10.2021
Шайлоо-2021. Шайлоочулардын добуш сатып алуу деген эмне?
2021-жылдын 28-ноябрына пландаштырылган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун алдында "Жалпы иш" коомдук фондунун шайлоо укугу боюнча эксперти Бакытбек Самаков шайлоочулардын добуш сатып алуу деген эмне экенин жана бул үчүн жоопкерчиликти мындайча түшүндүрөт: 15.10.2021
Ачык шайлоо маалыматтары. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин картасы
2021-жылы 13-октябрда саат 18.00дө 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүү аяктады. Жалпысынан, КР БШКнын маалыматы боюнча, 381 талапкер (31 аял жана 350 эркек) көрсөтүлдү, алардын ичинен 373 талапкер өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде жана 8 талапкер 7 саясий партиядан көрсөтүлдү. Борбордук шайлоо комиссиясынын ачык маалыматтарын колдонуп, «Жалпы иш» коомдук фонду 2021-жылдын 13-октябрында саат 18: 00гө карата бир мандаттуу округдарга талапкерлердин картасын жарыялайт. 14.10.2021
Кыргызстандыктар БШКнын натыйжалуулугун кандай баалашат. 2012-жылдан берки динамика
Акыркы жылдары Кыргызстанда шайлоо процесстери тез-тез болуп, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ишмердиги көбүрөөк көңүл бурдура баштады. “Жалпы иш” КФ IRIнин (International Republican Institute) кыргызстандыктар БШКнын ишинин натыйжалуулугун кандай баалаары жана 2012-жылдан бери баа кандайча өзгөргөнү жөнүндө маалыматтарын талдады. 11.10.2021
Жогорку Кенешке шайлоо-2021. Добуш берүүнүн тартиби боюнча ТОП-7 суроолор
Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Добуш берүү жаңы шайлоо системасы боюнча өтөт. «Жалпы иш» коомдук фондунун шайлоо укугу боюнча эксперти Бакытбек Самаков добуш берүү процедурасы боюнча негизги жети суроого жооп берди. 08.10.2021
Жалпы иш" коомдук фондунун эксперттери шайлоо мыйзамдарындагы негизги өзгөртүүлөр боюнча эки сааттык онлайн семинар өткөрүштү.
"Жалпы иш" коомдук фондунун эксперттери - шайлоо боюнча кеңешчиси Таалайбек Асылбеков жана юрист Тариэл Аалиев бүгүн шайлоо мыйзамдарындагы негизги өзгөртүүлөр боюнча эки сааттык онлайн семинар өткөрүштү. Жолугушууга каалоочулар катыша алды. Бардыгы болуп тренингге 30дан ашуун адам катышты. 06.10.2021
“Жалпы иш” коомдук фонду 2021-жылдын 6-октябрында каалочулар үчүн "Шайлоо мыйзамдарындагы негизги өзгөрүүлөр" аттуу эки сааттык онлайн семинар өткөрөт.
Жарыя!
“Жалпы иш” коомдук фонду 2021-жылдын 6-октябрында каалочулар үчүн "Шайлоо мыйзамдарындагы негизги өзгөрүүлөр" аттуу эки сааттык онлайн семинар өткөрөт.
Аралаш система деген эмне, шайлоо талаштары жана аларды кароо процесси, шайлоо өнөктүгү кандай жүрүп жатат, Жогорку Кеңешке канча депутат барат, добуш берүү процесси кандай, добуш берүү күнү шайлоочу канча бюллетен алат - бардык деталдарды “Жалпы иш” коомдук фондунун шайлоо боюнча кеңешчиси Таалайбек Асылбеков жана фонддун юристи Тариэл Аалиев айтып беришет. 05.10.2021